World News in Kyrgyz
Март
2024

Новости за 23.03.2024

Azattyk.org 

"Жоолук саларда көтөрүп чаптым". Күчтүү кыздын күрөшү

Кыргызстандагы “ала качуу же адам уурдоо” көйгөйүн өзгөчө өңүтүнөн чагылдырган “Бурул” аттуу кыска метраждуу фильм март айында Швециянын Мальмо шаарындагы BUFF кинофестивалына жана Швейцариядагы Фрибур эл аралык кинофестивалына катышууда.

Azattyk.org 

"Чыгымды актабай калды". Таласта төө буурчак эккендер азайды

Таластык дыйкандар төө буурчак мурдагыдай мол түшүм бербей калганын айтууда. Адистердин айтымында, бул жагдай бир катар себептерге байланыштуу. Европанын базарларына чейин жеткен кыргыз төө буурчагынын келечеги кандай болот?

Azattyk.org 

Москва: 100дөн ашуун өмүрдү алган кол салуу

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 90дон ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду.

Azattyk.org 

АКШ Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга чакырды

Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде АКШнын резолюция долбоору добушка коюлат. Анда Вашингтон анклавга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну дароо токтотуу зарыл экенин белгилейт. АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму менен Израилди мунасага чакыруу үчүн мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Тель-Авивге барды.

Azattyk.org 

Эт даамданган күрүч, кондиционерден баш тарткан Париж

Түштүк кореялык изилдөөчүлөр күрүчтүн данына уйдун клеткаларын өстүрүштү. Азык-түлүк салган желим баштыктар, балдардын оюнчуктары жана медициналык каражаттар жасалган пластикте мурда аныкталгандан 3 миңге көп химиялык зат бар экени аныкталды.Европада быйыл жайкы аптап катуу болору болжолдуу айтылса дагы Парижде өтчу Олимпиада оюндарында спортчулардын бөлмөсүнө кондиционер орнотулбайт.

Azattyk.org 

Жаш дарыгер: түйшүк, таарыныч, үмүт

Каракол шаарынын Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан бир учурда беш анестезиологдун иштен кетиши медицинадагы көйгөйлөрдү ачыктады. Соңку кезде мамлекеттик ооруканаларда ординаторлордун саны кыскарып, жаш адистер өлкөдөн чыгып кеткен учурлар да көп. “Азаттык+” жаштар берүү жаш дарыгердин ой-санаасы менен бөлүшөт.