World News in Kyrgyz
Март
2024

Новости за 18.03.2024

Azattyk.org 

"Залкарлардын колунан тарбия алгам"

Акын, ырчы, комузчу Аскат Жетиген ар кыл өнөрү менен таанылган маданий ишмер. Ал Самара Токтакунованын, Нурак Абдрахмановдун, Зайнидин Иманалиевдин, Кенже Кубатованын колунан таалим алып, улуттук өнөрдүн улуу көчүн тартууга кошулган. Соңку маалда жарандык позициясын билдирип, коомдун жүрөк өйүгөн көйгөйлөрүн көтөрүп жүргөн. 16-мартта акын кармалып, эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарды. Көпчүлүк ал камакка алынгандан кийин чыгармаларын социалдык тармактардан издеп, угуп, анын талантын баалаганын жазды. Читать дальше...

Azattyk.org 

24.kg агенттигинде кожоюн алмашты. Бул эмне үчүн маанилүү?

Кыргызстандагы ири маалымат агенттиктеринин бири - 24.kg агенттигинин кожоюну алмашты. Юстиция министрлигинин сайтындагы жаңыланган маалыматка ылайык, агенттиктин ээси жана жетекчиси Алмас Турдумаматов болуп калды.

Azattyk.org 

24.kg агенттигинин ээси эмнеге алмашты?

Кыргызстандагы ири маалымат агенттиктеринин бири - 24.kg агенттигинин кожоюну алмашты. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, журналист Гүлжан Шерипбаева анын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп катталды.

Azattyk.org 

Жакынкы Чыгыш: Газа ооруканасындагы рейд, Нетаньяхуга каршы митинг

Израилдин армиясы Газадагы аш-Шифа ооруканасында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун террорчуларына каршы 18-мартта жогорку тактыктагы аскердик операция баштаганын билдирди.

Azattyk.org 

12 жылдык окуу эмнеге керек? Министр Догдуркүл Кендирбаева менен маек

Кыргызстанда кезектеги жолу билим берүү тармагын реформалоо демилгеси көтөрүлдү. Анын алкагында 12 жылдык окутуу системасы сунушталды. Бул программанын өзгөчөлүгү эмнеде? Буга чейинки реформалоо аракеттери сыяктуу ара жолдо калбайбы?

Azattyk.org 

Кыргызстандан аркардын уругун жашыруун ташыган АКШ жараны соттолот

Эл аралык бир катар медиа "Кызыл китепке" кирген Кыргызстандагы аркардын генетикалык материалын мыйзамсыз пайдаланган америкалык жаран сот жообуна тартылып жатканын жазды. Артур Шубарт АКШда өз алдынча кой менен аркарды аргындаштырууга аракеттенген деп айыпталууда.