World News in Kyrgyz
Март
2024

Новости за 16.03.2024

Azattyk.org 

“Матрешкагейт”: Текебаевди Польшада каматкан окуянын таржымалы

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 2006-жылы Варшавада анын “Матрешкагейт” окуясы боюнча ишин карап, бошоткон польшалык судья Малгожата Шамборскага жолукканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Azattyk.org 

Орусиядагы шайлоо: урнага чачылган зеленка, Молотов коктейли

Орусияда 16-мартта президенттик шайлоонун экинчи күнкү добуш берүүсү уланууда. Шайлоо 15-мартта башталган жана 17-мартта аяктайт. 16-мартка караган түнү Казан шаарында президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Борис Надеждиндин жергиликтүү штабынын башчысы Дмитрий Румянцев кармалганы кабарланды. Ага чейин анын Владивостоктогу, Ханты-Мансийскидеги, Челябинскидеги, Петербургдагы жана Чебоксарыдагы тарапкерлери да кармалган. Согушка каршы чыгып жаткан Надеждиндин тарапкерлери шайлоо тилкелеринин алдында туруп... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Жооп катуу болот". Президенттин эскертүүсү, чектелген митингдер

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы соңку нааразылык акцияларына байланыштуу билдирүү жасап, “мурдагы заманды эңсеп, митингге чыккандар болсо катуу чара көрүлөрүн” эскертти. Бул коомчулукта түрдүүчө чечмеленүүдө.

Azattyk.org 

"Мексикага учурбай жатышат". Стамбул аэропортунда түнөгөн кыргызстандыктар

"Түрк аба жолдору" компаниясы Латын Америка өлкөлөрүнө уча турган жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык, Стамбулдан Венесуела, Мексика, Колумбия, Куба жана Бразилияга бет алган жарандардан барыш-келиш учак билети, мейманкана резервациясы суралат.

Azattyk.org 

"Жалкоолуктан, билимсиздиктен кор болуп жашайбыз"

Атактуу адабиятчы, сынчы, акын жана илимпоз Салижан Жигитов өлкөнүн коомдук турмушундагы күнүмдүк окуялардан тартып, коомдогу жат көрүнүштөргө чейин дайыма пикирин ачык айтып келген. Интеллигенциянын негизги милдети ушул деп эсептечү. Ал Кыргызстандын, кыргыздардын кемчиликтерин моюнга алып, аны жоюу үчүн аракет кылышын,  өз алдынча улут, мамлекет катары калыптанышын каалачу. Көзү тирүү болгондо Салижан Жигитов 17-мартта 88 жашка чыкмак.

Azattyk.org 

Өзбекстандык артисттер Бишкекте өнөр тартуулады

Өзбекстандын Алишер Навои атындагы мамлекеттик академиялык чоң театры Бишкекке алгачкы ирет чыгармачыл сапары менен келди. Биринчи күнүндө алар көрүүчүлөргө Сулейман Юдаковдун "Майсаранын жоруктары" аттуу комедиялык операсын тартууласа, экинчи күнү гала-концерт болуп, анда симфониялык оркестрдин коштоосунда дүйнөлүк классикалык чыгармалар жаңырды. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн саамалык жана эки өлкөнүн маданий алакасы тууралуу кеп кылабыз.

Azattyk.org 

Путин: Жигердүү лидерден Гаага сотуна чейинки 24 жыл

Владимир Путин 2000-жылы Орусияда президенттик кызматка расмий киришкен. Ал кезде Батышта Орусиянын жигердүү лидери катары таанылган саясатчы 24 жылдан кийин кантип Эл аралык кылмыш соту камакка алууга ордер чыгарган адамга айланды? Ал азыр Батыш өлкөлөрүнө гана эмес, Рим статутуна кол койгон жакынкы коңшуларына, атүгүл Арменияга барса камакка алынышы мүмкүн. Мындай кырдаалга эмне түрткү болду?