World News in Kyrgyz
Март
2024

Новости за 27.03.2024

Azattyk.org 

Москвадагы теракт: Мигранттарга басым күчөдү

Москвадагы терактан кийин мигранттар басым-кысымга кабылып, мамиле катаалдаганын айтса, кыргыз өкмөтү жарандарын Орусияга барбай турууга чакырды. Кол салуудан кеминде 1140 киши набыт болду. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги изделип жаткан эки кыргыз кызын набыт болгондордун болжолдуу тизмесине кошту. Москвадагы теракт борбор азиялык мигранттарга кандай таасир тийгизет? Мигранттардын коосуздугун ким камсыз кылат? “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсү ушул суроолорго жооп издеди.

Azattyk.org 

Казакстандын тогуз аймагын суу каптады. Бир нече киши дайынсыз

Казакстанда күн жылып, кар эригени, дарыялар жээгинен чыгып бир нече аймакта айыл-кыштактар суу астында калды. Актөбө шаарында аэропортту убактылуу жабууга туура келди. Оролдун борбордук көчөлөрүн суу каптады. Расмий маалыматка караганда, үч киши дайынсыз болууда.

Azattyk.org 

Газа: "Ата-энем көз ачып жумгуча күлгө айланды"

Эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу чакырыктарына карабай, Израил түн ичинде Газа тилкесинин түштүк бөлүгүн кайрадан бомбалады. АКШнын президенти Жо Байден “Газага көбүрөк көңүл бурушубуз керек" деп айтса, Катар ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрү уланып жатканын билдирди.

Azattyk.org 

Журналисттердин иши: Үч кишинин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калды

"Массалык башаламандыктарга чакырууга" шек саналып кармалган «Темиров LIVE» медиасынын учурдагы жана мурдагы журналисттеринин бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда карала баштады. 27-мартта жараяндын биринчи күнүндө сот үч журналистти камакта калтырды.

Azattyk.org 

Бишкек, Ош: Райымбек Матраимов үч бир тууганы менен камалды

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир айга камады. Айыпталуучу жана анын адвокаты комментарий берүүдөн баш тартты. Ош шаардык сотунун чечими менен агасы Тилек Матраимов бир айга, инилери Руслан жана Ислам Матраимовдор 18-майга чейин камалды.

Azattyk.org 

Сот үч журналистти абакта калтырды

Экс-бажычы Райымбек Матраимов бир айга камалды. Анын эки бир тууганы да убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки кыргыз кызын "Крокус Ситидеги" терактта каза болгондордун болжолдуу тизмесине кошту. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга эрте экенин билдирди. Эл аралык коомчулуктун ок атышууну токтотуу чакырыктарына карабай, Израил Газа тилкесинин түштүк бөлүгүн кайрадан бомбалады.

Azattyk.org 

Москвадагы теракт: Кыргызстан эмнеден кооптонот?

Москвадагы «Крокус Ситидеги» теракттан кийин коопсуздук, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөш кайрадан күн тартибине чыкты. Ар бир мамлекет коопсуздугун, саясатын карап жаткан чак. Кыргызстанда абал кандай? Мындай коркунуч жокпу?"Азаттыктын" студиясынын коноктору: Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү, милициянын полковниги Ратбек Турусбеков, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот Матраимовду бир айга камакка алды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарынан кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилди.