10-май: Президент Жапаров алтын тууралуу айтты, Рахмон менен Путин жолугушту
10-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
10-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Президент Садыр Жапаров “Кыргызстандан сыртка чыгарылган алтын” делген видео жана агасы Сабыр Жапаров тууралуу комментарий берип, өлкөдөн алтынды эч ким уурдай албай турганын айтты. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта отургандар Жаза аткаруу кызматкерлери басым кылып жатканын айтып Кыйноолорго каршы борборго, коомчулукка кайрылды. Арменияда Азербайжан менен чек ара маселеси боюнча соңку келишимге каршы нааразылык акциясында премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы талап кылынды.
II Дүйнөлүк согуш миллиондогон кишилердин тагдырын өзгөрттү. Таластын тургуну маркум Кожоке Мамбеталиев төрт жыл фашисттердин туткунунда отуруп, андан качып чыгып, аман-эсен келген. Бирок мекенинде советтик системанын катаал жазасына кабылып, Сибирге айдалган.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта отургандар Жаза аткаруу кызматкерлери басым кылып жатканын айтып Кыйноолорго каршы борборго, укук коргоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылды. Алар сотко күч менен алынып келген учурлар бар экенин билдирип жатышат.
Режиссер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" аттуу тасмасы Париж кинофестивалында жана АКШдагы Гавайи эл аралык кинофестивалында сыйлыктарга татыды. Коомдогу бир катар курч көйгөйлөрдү баяндаган тасма тууралуу кеп кылабыз.
Мамлекеттик курулуш агенттиги Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздуруларын жарыялады. Өткөн апталарда көл жээгинде уруксатсыз деп табылган бир нече обьект түрттүрүлүп, айрымдарына эскертүү берилди. Анткен менен айрым ишкерлер бийлик органдары "эскертүүсүз эле имараттарды бузуп жатат" деп нааразы.
Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акция өтүүдө. Уюштуруучулар анын Азербайжан менен чек ара боюнча келишимине каршы экенин айтууда. Бирок талдоочулар бул акция Пашинян Орусия жетектеген ЖККУ уюмунан чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде шайлоодогу үгүтчүлөрүнүн санын кыскартуу жобосу каралган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.