World News in Kyrgyz
Май
2024

Новости за 16.05.2024

Azattyk.org 

Жалал-Абад: Оңдолгон стадиондогу футбол майрамы

Жалал-Абадда "Курманбек" стадиону реконструкциядан өттү. Стадион толугу менен эл аралык талаптарга жооп берери, ошондой эле VAR системасы орнотулганы маалым болду. Кыргыз бийлиги өлкө боюнча дагы 12 стадион оңдоп-түзөөдөн өтөрүн, инфраструктураны жакшыртуу менен футболду өнүктүрүү дымагын билдирди.

Azattyk.org 

“Биз адам эмеспизби?” Актөбөнүн тургундары бийликке нааразы

Казакстандын Актөбө облусундагы үй-жайларын суу каптаган тургундар бийликке нааразы. Алар 15-майда Актөбө акимчилигине келип, облус жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышты. Тургундар "үйүбүздү суу каптаганына бир жарым ай болду, бирок чыгымды кантип жабууну билбей жатабыз" дешет. Полиция аларды акимчиликке киргизбей койду. Калаа башчысы митингчилердин талабын уккан жок.

Azattyk.org 

Жазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик

14-майда жазуучу жана публицист Олжобай Шакир “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлү деп табылып, 5-жылга эркинен ажыратылды. Ал былтыр августта камалган. Шакирдин соттолушун сөз эркиндигине, чыгармачылык эркиндикке кысым катары баалагандар жок эмес. Ал эми бийлик жазуучу башаламандык уюштурууга аракет кылганын жүйө келтирген. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Олжобай Шакирге чыккан сот чечими, бир катар камоолор, жалпы сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылабыз. Катышуучулар: адабиятчы Дүйшөн Керимов... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кызыл-Омпол: Парламент уран казууга уруксат берген мыйзамды карайт

Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерин казууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Azattyk.org 

Китеби жок таанылган акын

Бишкекте таанымал акын, журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду замандаштары эскеришти. Ал өзүнө чыгармачыл талапты бийик койгон, поэзияда өз чыйыры бар талантуу акын болгонун айтышты. Жолдошбеков көзү тирүүсүндө бир да ыр китебин чыгарууга үлгүргөн эмес.

Azattyk.org 

Путин Кытайга таянабы?

Орусиянын президенти Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөткө киришкенден кийинки чет өлкөгө алгачкы сапарга - Кытайга барды. Байкоочулар белгилегендей, жакында эле өкмөтүн жаңыланган Путин аскердик экономикага басып жасап, Кытай лидери Си Цзиньпинден жардам сурайт. Путин Си менен 43-ирет жолугушту же башка дүйнөлүк лидерлерге салыштырганда эки эсе көп жүздөшкөн.

Azattyk.org 

Уран, торийди иштетүү аракети: Мыйзам долбоору парламентке түштү

Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору парламентке келди. Февралдын соңунда президент Жапаров Ысык-Көлдөгү жолугушууда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан эле.