World News in Kyrgyz
Май
2024

Новости за 15.05.2024

Azattyk.org 

"Акынды айтканы каматты". Аскат Жетигендин абактагы мөөнөтү узарды

"Массалык башаламандыкка чакырууга" шектелип камалган акын жана активист Аскат Жетигендин иши сотко өткөрүлдү. Бул иш боюнча алгачкы отурум 14-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда болду.

Azattyk.org 

"Саясий максатты көздөп, өлкөнүн келечегине балта чаап жатышат"

Грузин парламенти "чет элдик агенттер" мыйзамын кабыл алды. Бирок муну менен башкаруудагы партия толук жеңишке жетти деп айтууга болбойт. Бейөкмөт уюмдар Конституциялык сотко кайрылганы жатат, саясий жараян дагы уланмакчы.

Azattyk.org 

Ош: "Кызыл сызыкта" турган үй, арабөк абалдагы тургундар

Ош шаарында эки кабаттуу үйдүн тургундары мэрия турак-жай "кызыл сызыкта" жайгашкан деп, көп жылдан бери газ жана суу өткөрбөй жатканына нааразы. Жашоочулар колдорунда мыйзамдуу документтери бардыгына карабай мэрия кенемте төлөп берүүдөн баш тартканын айтып жатат. Ош мэриясы бул үйдү коммуналдык түйүндөргө убактылуу кошсо болорун билдирди.

Azattyk.org 

"Бердибайды араң куткарышты". Түндүк Кавказдагы кулчулук

Дагестан, Чеченстан, Калмыкия, Кубан жана Ставрополдон кулчулукка кабылгандар кайрылып даттанууда: жумуш издеп чарбаларга жана заводдорго барып калган адамдарды тамагын эптеп берип мажбурлап иштетишет.

Azattyk.org 

"Манасты" таанытуу керек, бирок...

Сузактагы үрөй учурган кырсыктан кийин социалдык тармактарда "Манас" эпосун жаш муунга кантип жайылтуу керектиги тууралуу талкуу күчөдү.

Azattyk.org 

Унаа соодасы: Орусия кыргыз транзитин бууду

Кыргызстандан Орусияга ташылган жеңил автоунаанын саны кескин кыскарды. Статистикалык маалыматтар бул жааттагы эсеп былтыркыдан 83% азайып кеткенин көрсөтүүдө. Буга орус бийлигинин автоунаа импортун кескин кымбаттаткан чечими себеп болгон.