World News in Kyrgyz
Май
2024

Новости за 14.05.2024

Azattyk.org 

Үмөталиев: Грузияда жаштар менен улуу муун ортосунда ажырым күчөгөнү айкын болуп калды

Грузин депутататтары талаштуу "чет элдик агент" мыйзам долбоорун 14-майда жактырды. Кыргызстандын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев саясий реформаларды жүргүзүүдө "Грузиядан үлгү алчу нерселер көп экенин" такай айтып келген. Тбилиси кайсы маалда демократиялык багытынан тайды?

Azattyk.org 

Абактагы Дүйшөбаевдин абалы начарлады, Аскат Жетигендин иши сотко өттү

Аламүдүн райондук соту “массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталган жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты. Калемгерлер жазуучунун түрмөгө кесилгенин айыптап жатышат. "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып жаткан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевди сотко көтөрүп алып келишти. Укук коргоочулар анын кан басымы жана канты көтөрүлүп кеткенин, ооруканага жатууга уруксат берилбей жатканын айтышты. Грузин парламенти ири митингдерге карабай Орусиядан көчүрүлгөнү айтылган "чет элдик агенттер" тууралуу талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз армиясында "чоңсунуу" качан токтойт?

Жакында Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага аскер кызматкерлеринин укуктарын, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону күчөтүү сунушу менен кайрылды. Омбудсмендин берген маалыматы боюнча акыркы убактарда аскер кызматкерлери арасында жаракат алып, ооруканага түшкөн учурлар катталган. "Азаттыктын" студиясында: Аскер прокурорунун орун басары Султан Бакасов, Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Наиля Токтосунова жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Azattyk.org 

"Ооруну тиш доктурдан жугузган". Мукам үндүү ырчы кырктын кырында дүйнөдөн өттү

Белгилүү ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев кырчындай 40 жашында оорудан улам акка моюн сунду. Ал тогуз жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы  “Эл шайырлары” тобунда эмгектенип жаткан.

Azattyk.org 

Олжобай Шакир: Эл менин тагдырыма кайдыгер карабайт

14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу жана акын Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Azattyk.org 

Келгенинен кеткени бат Чудинов. Президент министр Ибраевге ачууланды

Энергетика министрлигинин алдындагы "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башчылыгына дайындалган мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов эки күн иштебей кызматынан кол жууду. Бул дайындоого президент Садыр Жапаров каршы чыгып, энергетика министри Таалайбек Ибраевге эскертүү берди.

Azattyk.org 

Сот жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга кести

14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу жана акын Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес.