World News in Kyrgyz
Май
2024

Новости за 18.05.2024

Azattyk.org 

Бишкектеги чет элдиктер: "Биз чындап коркуп калдык"

Бишкекте жашаган чет элдиктер коопсуздугуна камтама болууда. 18-майга караган түнкү тополоңдо борбор шаарда индиялык жана пакистандык студенттер зордук-зомбулукка кабылды. Башламандыкта кеминде 29 киши жабыркаганы кабарланды. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Azattyk.org 

Бишкектеги башаламандык эмнеден башталды?

Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяда 30дай киши жабыркаганы, алардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени Салматтык сактоо министрлиги тарткан тизмеден көрүнөт. Төрт чет элдик жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козголуп, Свердлов райондук милициясы окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Расмий маалыматтарда алар кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Чыныгы тозоктон өттүк". Бишкекте запкы көргөн чет элдиктер

Кыргызстандын университеттеринде окуган пакистандык студенттер "Машаал" радиосуна ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Пакистан кызматы) Бишкекте 18-майга оогон түнү өздөрү көргөн башаламандык тууралуу айтып беришти.

Azattyk.org 

Бишкек: Чет элдиктер зордук-зомбулукка кабылды

18-майга караган түнү Бишкекте болгон ызы-чууда жалпы 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, жабыркагандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Azattyk.org 

“Англис тили менен акча тапкан жаштар”

IT тармагында соңку жылдары жаңы мүмкүнчүктөр пайда болуп, кыргызстандык жаштар дүйнөлүк компанияларда иштеп же тескерисинче, ири компаниялар Кыргызстанда өкүлчүлүктөрүн ачкан учурлар арбын.

Azattyk.org 

Мыкты спортчуларды тарбиялаган апалар

Улак тартып, биринчиликтен түшпөгөн, сууда сүзүп, алдыга атаандашын оздурбаган, футбол ойноп, мыкты оюнчу аталган спортчулардын аркасында бир гана машыктыруучу эмес, балдарына дем-күч берип турган апалар дагы бар.

Azattyk.org 

Бишкек: Чет элдик студенттер жабыркаган түнкү кырдаал

18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан жалпы 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, жабыркагандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 15 жараны жабыркаганын ырастады.

Azattyk.org 

Гумандуу коомду кургусу келген "Матисаков мектеби"

Фейсбукта “Матисаков мектеби” аттуу баракча бир жылдан бери адабияттын проза жанрына кызыккан, жазмалыкка шыгы бар жаш авторлордун аңгемесин байма-бай жарыялап келе жатат. Ага чыккан айрым аңгемелер соцтармактагы окурмандардын кызыгуусун жаратып, жакшы пикирлер жазылууда.

Azattyk.org 

Кайра шайлоо: талапкердин талабы, системага сын

Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга дайындалды. Буга чейин сот, анын артынан Борбордук шайлоо комиссиясы аталган округдан депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.