World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 02.04.2024

Azattyk.org 

Газада эл аралык уюмдун өкүлдөрү соккудан набыт болду

Газада карапайым калкка азык-түлүк таратып жүргөн гуманитардык уюмдун кызматкерлери набыт болду. Алардын арасында Австралия, Британия, АКШ жана башка мамлекеттердин жарандары болгон. World Central Kitchen уюму чабуулду айыптап, аймактагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады. ЦАХАЛ кечирим сурап, окуя тыкыр иликтенерин билдирди. Мунун алдында Сириядагы Ирандын консулдугуна сокку урулган. Тегеран аны Израилден көргөн.

Azattyk.org 

Ош: Жүк ташыган айдоочулар нааразылыкка чыкты

Ошто жүк ташуучу айдоочулар Өзбекстанга кирүү татаалдашканына нааразы. Кытайдан Кыргызстанга, Өзбекстанга каттаган айдоочулар 1-апрелден тарта Өзбекстанга кирүүдө атайын уруксат кагазы талап кылынарын айтып жатышат. Айдоочулар жумушсуз калуу коркунучунда турганын билдирип, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен жолугууну талап кылышты.

Azattyk.org 

Түрк медиасы: Кыргызстандык келин ИМ тобуна мүчө деген шек менен кармалды

Түркияда террордук уюмга мүчө делген борбор азиялыктар кармалды. Расмий маалыматта тажикстандык жигит кыргызстандык келин менен бирге куралдуу кол салууга даярданып жатканы айтылат. ​Серепчилер эмне себептен айрыкча тажикстандыктар террордук уюмдарга тартылып жатканын чечмелешти.

Azattyk.org 

Татарстан: дрон чабуулунда кыргыз жараны жабыркады

Газада Израилдин соккусунан World Central Kitchen эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун кызматкерлери каза болду. Израил армиясы кечирим сурап, окуяны териштирип жатканын билдирди. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна карабай президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга кол койду. Кыргызстанда биринчи жолу 40 бийчиден турган заманбап балет труппасы түзүлөт. Классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газа: Гумжардам тараткандар Израилдин соккусунан каза тапты

Газада жөөт армиясынын аба соккусунан карапайым тургундарга азык-түлүк таратып жүргөн гуманитардык уюмдун кызматкерлери мүрт кетти. Алардын арасында Австралия, Британия, АКШ жана башка мамлекеттердин жарандары да болгон.

Azattyk.org 

Кёрлинг: Кыргызстан Олимп оюндарына катышууну көздөйт

Кыргызстанда алгач ирет кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү. Кёрлингдин mixed double түрүнөн өткөн мелдешке төрт команда катышты. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 2016-жылдан тарта машыга башташкан. 2018-жылдан бери кыргыз атлеттер ар кандай мелдештерге катышып жүрөт. Өлкөдө кёрлинг менен 40ка жакын спортчу машыгат.

Azattyk.org 

“Музейдин ичи тар, кышында жылыбайт”. “Ата-Бейит” кароого муктаж

“Ата-Бейит” - постсоветтик чөлкөмдөгү даректүү далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын көрүстөнү. Ага бөлүнгөн жылдык бюджет айлык-акыдан, социалдык төлөмдөрдөн жана кеңсе иштеринен артпайт. Музейди кармоо үчүн кошумча чыгымдарга акча табуу - талылуу маселе. Комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов тарыхый жайдын бүгүнкү абала менен тааныштырды.

Azattyk.org 

Казакстан: 10 аймакты суу каптап, кырдаал кооптуу

Казакстанда суу каптаган аймактардан миңдеген киши көчүрүлдү. "Азаттыктын" казак кызматы селдин кесепеттерин жоюу боюнча штабдын маалыматына таянып, ушул тапта Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.