World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 26.04.2024

Azattyk.org 

Германияда кыргызча жашаган немистер: Таласым такай түшүмө кирет

Борбор азиялык немистер Германияга 1990-жылдардын башында кете баштаган. Ал кезде немис өкмөтү тарыхый журтуна көчүп келген немистерге бир топ жеңилдиктерди берген. Кыргызстандык, казакстандык немистердин үй-бүлөлөлөрү жаңы жерге отурукташып, андан бери ондогон жылдар өтсө дагы киндик каны тамган Кыргызстан, Казакстан менен байланышын үзбөй келет. “Азаттык” бул жолу Германияда кыргызча, казакча жашаган немистердин турмушун көргөзөт.

Azattyk.org 

Балыкчы-Барскоон жолу: Убактысы узарган, акчасы көбөйгөн долбоор

2021-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Балыкчы-Барскоон жолу башталып, үч жылдан кийин ишке бериле турганы айтылган. Долбоор “Кумтөр” алтын кенинин акчасынан каржыланмак. Жолду алгачкы жолу атамекендик компаниялар сала турган болгон. Бирок 140 чакырымга созулган жол белгиленген мөөнөтүнөн кеминде эки жыл кеч бүтө турганы маалым болду. Буга долбоордун шашылыш башталганы, жолчулар менен өкмөттүн баа боюнча бир пикирге келе албай жатканы себеп болгондой.

Azattyk.org 

БШК Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тергөө абагынан чыккан депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн 26-апрелде талкуулап, Мадумаровду мандатынан ажыратты.

Azattyk.org 

Казак-орус чек арасында 600дөй тажик жараны турат

БШК атайын кызматтын тергөө абагынан жаңы гана чыккан депутат Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты. Колумбия университетинде башталган студенттердин палестиндерди коргоо акциясы АКШнын дээрлик бардык жогорку окуу жайларына жайылды. Орусияга бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай турат. “Фрунзе” дүкөндөрүнүн мурдагы ээси Болотмамбет Жээнбеков менен экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов бири-бирин алдамчылыкка айыптады.

Azattyk.org 

Николаевка, Петровка, Алексеевка... Оторчулук доор өчүргөн кыргызча аталыштар

Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Соңку жылдары Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө жер-суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери кайра жанданууда.

Azattyk.org 

Загамбар: Чыр чыккан айылды полиция кайтарып турат

Казакстандын Түркстан облусунун Төлө бий районунун Загамбар айылында мектеп окуучусунун зордукталганы кабарлангандан кийин чыр чыкты. Белгисиз бирөөлөр чарбалык жайды жана үч автоунааны өрттөп салышкан. Көп өтпөй айылга полиция келип, коопсуздук чараларын күчөткөнү белгилүү болду. Айыл тургундары бул окуяга тиешеси жок кишилер да суракка алынып жатканына нааразы.