World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 03.04.2024

Azattyk.org 

"Шайлоодон кийин Эрдогандын алдында эки тандоо турат"

31-мартта Түркияда жергиликтүү кеңештерди жана шаар мэрлерин шайлоо өтүп, анда жалпы эсепте оппозиция жеңди. Бул президент Режеп Тайып Эрдоган бийликке келгенден бери бийликтин партиясы алдыга озбой калган алгачкы учур экени белгиленип жатат.

Azattyk.org 

Тайван: Чейрек кылымдагы эң катуу зилзала болду

Шаршембиде Тайванда акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болду. Магнитудасы 7,4кө жеткен зилзаладан расмий маалыматка караганда тогуз кишинин өмүрү кыйылды, 900дөн ашууну жабыркады. Бийлик бери дегенде 26 имарат урап калганын билдирди.

Azattyk.org 

Стразерс: “Чет элдик өкүл” мыйзамы жарандык коомду аксатат

“Чет элдик өкүл” деген атка конгон мыйзам башка өлкөлөрдөн каражат алган бейөкмөт уюмдарды жаманатты кылууга жол ачат. Мындай оюн баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International укук коргоо уюмунун Чыгыш Европа, Борбор Азия боюнча регионалдык директору Мари Стразерс “Азаттыкка” маегинде айтты.

Azattyk.org 

24.kg агенттигинин кеңсеси ачылып, кылмыш иши токтотулду

“Крокус Сити Холл” борборундагы кол салуудан кийин Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга кысым күчөдү. Жүздөгөн мигрант өлкөдөн чыгарылганы кабарланды. АКШ, Евробиримдик жана айрым эл аралык уюмдар Кыргызстанда кабыл алынган “Чет элдик өкүл” мыйзамына тынчсыздануусун билдирди. Үч айдан бери жабык турган 24.kg маалымат агенттигинин кеңсеси ачылып, УКМК кылмыш ишин токтотту.

Azattyk.org 

Баткен театры заманбап имаратка муктаж

Баткенде Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 18 жыл болду. Театр ушул тапта жылына он чакты чыгарманы сахналаштырып, көрармандарга тартуулайт. Жакында алар Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде Султан Раевдин "Маң-миң бир түн" спектаклин сахнага даярдашты. Чыгармачыл жамаат аймактарда эл руханий азыкка суусап турганын, аны кандыруу үчүн талбаган эмгек талап кылынарын белгилешет.

Azattyk.org 

Орусиядан жүздөгөн мигрант чыгарылды

Орусияда борбор азиялык мигранттарга басым-кысым уланууда. “Крокус Сити Холлдогу” кол салуудан кийин орус бийлиги эмгек мигранттарына көзөмөлдү күчөткөн. Социалдык тармактарда, күнүмдүк жашоодо алар ксенофобияга туш болгонун айтып жатышат. Орусияда райондук соттор жүздөгөн мигрантты күч менен чыгаруу чечимдерин кабыл алганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Azattyk.org 

"Кооптуу тенденция": Орусияда кыргыз жараны "терроризмди актаган" деп айыпталууда

Орусияда Кыргызстандын жараны "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалып, ага "Терроризмди ачык актоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын эмне жөнүндө жана ким менен сүйлөшкөнү азырынча белгисиз.

Azattyk.org 

Элиана Кыргызстандан Газага жардам жеткирет

Кыргызстандагы “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду Газада согуш башталгандан бери аймакта оор шартта калган калк үчүн гуманитардык жардам жиберүүдө. Фонддун жетекчиси Элиана Сатарова жардам чогултуу жана аны көзөмөлдөп чек арага жеткирүү иштери тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Azattyk.org 

Мигранттар Орусиядан жапырт кетсе эмне болот?

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы маанай күч алды. Акыркы жумада Петербургдагы соттор 418 келгинди өлкөдөн чыгарууну чечти. Демограф Салават Абылкаликов мигранттар мындан улам башка өлкөлөргө кете баштайт деп эсептейт.