World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 13.04.2024

PR Kyrgyz 

Когда будет привлечен к уголовной ответственности профком Алимов Козимжон Носирович за украденную муниципальную собственность?

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровго

АЧЫК КАТ

Урматтуу Акылбек Усенбекович!

1. КР Президети С.Н. Жапаровдун демилгеси менен билим берүү тармагында реформалар башталып, мектеп Кембридж системасына 12 жылга өтүп жатат. Бирок, айыл мектептеринде көзөмөл жакшы болбой жаткандыгына байланыштуу окуткан сабактар боюнча билими жок, адис эмес Алимов Козим мамлекет мектебинде каалаганын жасап, билим берүү мамлекеттик стандарттарын одоно түрдө бузган. Себеби, Сураташ мектебинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз сүрөтчүлөрү сүйгөн эркиндик жана табият

Кыргызстанда Сүрөтчүлөр бирлигинин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюмдун салттуу жазгы көргөзмөсү ачылды. Анда живопись, графика, скульптуралык ондогон эмгектер коюлду. Алардын ичинде экология, эркиндик темаларына кайрылган сүрөтчүлөр арбын.

Azattyk.org 

Таласта жаңы үйлөр жыл айланбай бузулууда

Талас шаарындагы социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн берилген батирлердин бузулуп жатканын жашоочулар айтып чыкты. Ал үйлөрдү мындан 1,5 жыл мурда "Ас-Сафа" коомдук уюму куруп берген. Учурда батирлердин дубалдары үбөлөнүп, айрым үйлөрдүн дааратканасы иштебей калган.

Azattyk.org 

FH: Кыргызстан автократияга ооп баратат

Freedom House эл аралык уюму "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр" жаңы баяндамасында Борбордук Европада жана Борбор Азияда демократиялык көрсөткүчтөр соңку 20 жыл бою начарлап келгенин билдирди. Баяндамада Кыргызстан 2005-жылдан бери жалпы демократиянын рейтинги төмөндөгөн 10 өлкөнүн бири аталды.

Azattyk.org 

"Өмүрбек үйдөн шире жасайт". Өзгөчө балдарды коомго кошуу түйшүгү

Жүрүм-турумду коррекциялоочу борбор аутист, тили чыкпай же психомоторикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар менен иш алып барат. Азыркы тапта түрдүү ыкма менен сабак алып жаткан балдар да, кезек күтүп жаткандар дагы көп. Муну атайын борбордун окутуучулары маалымдашты.

Azattyk.org 

Оренбургдагы ташкын: үйсүз калган кыргыздар

Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкынга байланыштуу абал оор бойдон калууда. "Азаттык" суу ташкындан жабыркаган кыргыздар менен байланышты. Маалыматка караганда, аймакта орус жарандыгын алган кыргыз тектүү 10дой үй-бүлөнүн там-ташы суу астында калган.

Azattyk.org 

Иранда дарга асуу саясий куугунтуктун куралына айланды

Сексенден ашуун ирандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары 10-апрелде Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Ислам жумурияты маңзатка байланышкан кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартууну токтотсо гана кызматташууну улантуу шартын коюуга чакырышты.

Azattyk.org 

"Жыйнап-тергенибиз жарабай калды". Актөбөдө ташкын 130 үйдү кыйратты

Актөбө облусунда ташкын залдарынын миңден ашуун үйдү суу каптады. 12-апрелдеги дарек боюнча 300 үй сууда турат. Сел 130 үйдү сыйратып кеткен. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Кобда аймагындагы жагдай менен таанышып, зардап чеккендердин үйлөрүн көрүп чыкты.