World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 11.04.2024

Azattyk.org 

Экстремисттик топтун торуна түшкөн борбор азиялыктар

Орусияда “Крокус-ситидеги” кандуу кол салууга байланыштуу камалган тажикстандыктардын саны ондон ашты. Бул теракттан көп өтпөй кандуу калабаны даярдаган деген шек менен Тажикстандын жана Кыргызстандын бирден жараны Түркияда кармалганы белгилүү болду. Италияда дагы бир тажик жараны экстремизмге шектелип колго түштү. Борбор азиялыктар эмне үчүн террордук топтордун торуна түшүүдө? Кыргызстан мындай кырдаалда эмнеге көңүл бурушу керек? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө жооп издедик.

Azattyk.org 

Казакстандагы суу ташкыны: 100 миңдей киши эвакуация болду

Казакстанда селден улам 100 миңдей киши эвакуацияланды. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган. Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкты изилдеген комиссия энергетика министри Таалайбек Ибраевге сөгүш берүүнү сунуштады.

Azattyk.org 

Бишкек: Оор жүк ташуучулар иш таштады

11-апрелде Бишкектин четинде оор жүк ташуучу жана атайын техниканын айдоочулары нааразылык акциясына чыкты. Алар Бишкек мэриясынын оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө киргизген чектөөсүнө да нааразы болуп, иш таштады.

Azattyk.org 

Чойбековдун мандаты экс-мэрге өтөбү?

Бишкек шаардык соту Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул округдан шайланып келген парламент депутаты Бактыбек Чойбеков Жогорку Сотко апелляциялык арыз берери белгилүү болду.