World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 05.04.2024

Azattyk.org 

"Крокус Сити": Борбор Азиядан барган алты киши кармалды

Орусияда “Крокус Ситидеги” терактка байланышы бар деген шек менен дагы борборазиялык үч киши кармалды. Бирөөнүн орус жарандыгы барлыгы кабарланды. 4-апрелде Дагестанда дагы ушул эле окуяга катышы бар деген шек менен теги тажикстандык үч адам эки айга камалганын расмий органдар кабарлады.

PR Kyrgyz 

Мыйзамдан өйдө турган Абдуллаева Гулхумор Режавалиевна мамлекет мектебин жетектейби же жеке менчикпи?

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровго

АЧЫК КАТ

Урматтуу Акылбек Усенбекович! 

1. КР Президети С.Н. Жапаровдун демилгеси менен билим берүү тармагында реформалар башталып, мектеп 12 жылга Кембридж системасына өтүп, бюджеттен чон акчалар ажыратылып жатат. Бирок, мурда мектептерде көзөмөл жакшы болбой жаткандыгына байланыштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Ибн-Сина атындагы мектептин мурдагы директору Абдуллаева Гулхумор Режавалиевна мыйзамсыз аракеттери үчүн мурда иштен четтетилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстан: Селден улам 20 миң киши эвакуацияланды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганын билдирди. Алардын баары тең Борбор Азиядан баргандар. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди. Райымбек Матраимов атайын кызматтын тергөө абагында, калган үч бир тууганы Ошто убактылуу кармоочу жайда жатат.

Azattyk.org 

"Рахиманы биз башкаларга үлгү кылып көрсөтчүбүз"

Зомбулуктун курмандыгы болгон 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын сөөгү жерге берилди. Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунда жашаган келин 4-апрелге караган түнү күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Кылмышка шектүү деп маркумдун күйөөсү Б.К. аттуу жаран кармалды. Укук коргоочулар соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн белгилеп, бийликтен кескин чара көрүүнү талап кылууда.

Azattyk.org 

Иманкулов: "Талибандан" коркунуч жок, бирок расмий тааныбайбыз

Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маегинде билдирди. Расмий Бишкек учурда Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатат. Мындан сырткары террордук коркунучтардын алдын-алуу аракеттери, Сириядагы кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтарууга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Azattyk.org 

УКМК төрагасы: Матраимовдун мүлкү такталууда, Бейшеналиевдин ишин текшеребиз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев камактагы экс-бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай акча алынарын билдирди. Ташиевдин айткандай, Матраимов айрым байлыгын өз эрки менен өткөрүп берсе, калганы сот аркылуу мамлекетке алынат. Мындан тышкары Камчыбек Көлбаевдин мүлкү боюнча да иш жүрүп атканын билдирди. Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишине да токтолду.

Azattyk.org 

“Крокус Сити”: Борбор Азиядан барган дагы үч киши кармалды

Орусияда “Крокус Сити Холл” борборундагы терактка байланышы бар деп шек саналган дагы үч киши кармалды. Федералдык коопсуздук кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын баары Борбор Азиядан баргандар. Бирөө - Орусиянын жараны. 22-мартта "Крокус Ситидеги" кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети-Хорасан" тобу өз мойнуна алган. Москвадагы кандуу калабага байланыштуу кармоолор жана мигранттарга каршы тинтүүлөр уланууда.

Azattyk.org 

"Рахима боорукер, тың болчу". Бычак жеген келиндин үч баласы жетим калды

Бишкектин четинде күйөөсүнөн колунан ажал тапкан 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын сөөгү жерге берилди. Үч баланын энеси Рахима 4-апрелге караган түнү бир нече жеринен бычакталганы айтылууда. Кылмышка шек саналып 33 жаштагы күйөөсү кармалып, эки айга камалды.

Azattyk.org 

Өзбекстандагы перстердин өзгөчө үлпөтү

Өзбекстандын Бухара аймагында бир нече кылым мурда жер которуп келген перстер жашайт. Жергиликтүү тургундар аларды “ирони” же ирандыктар деп аташат. Перстер үчүн үйлөнүү үлпөтү шаан-шөкөт менен коштолгон чоң майрам.