Илмиянов өзүн "Ихласка" байланыштыргандарды сотко берет
Икрамжан Илмиянов анын "Ихлас" курулуш компаниясына тиешеси бар экенин жазган журналистти жана маалымат каражатын сотко берерин "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди: - Бир нече сайттар "Илмиянов менен Сатыбалдиевдин "Ихлас" фирмасы беш гектар жерди кантип ээлеп алды?" деген ат коюп алып жазышты. Божомолдоп, "мүмкүн, имиш" деп жазса да мейли эми, бирок бул жерде туура эмес маалыматты "туура" деп жазып коюптур. Минтип жазгандан кийин, анын ичинде далилдерди кошуп жазышы керек эле. Мен муну ушул бойдон калтырбайм, адвокат иштеп жатат. Читать дальше...