World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 17.09.2024

Azattyk.org 

Ош: "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирди, жол белгилери жетишсиз

Ош шаарында 16-сентябрда  “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. 60 жерге камера орнотулуп, жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пулдар салынат. Долбоор дээрлик эки айдан ашык пилоттук режимде  иштеп келген. Аны орусиялык “Мегафон” компаниясы  ишке ашырууда.

Azattyk.org 

Талас: Кең-Аралда балдар медреседе, кафеде окуп жатат

Таластын Кең-Арал айылындагы мектептин имаратынын курулуш иштеринин кечеңдешине байланыштуу окуучулар жаңы окуу жылын медресе, кафенин имаратында баштоого аргасыз болду. Курулуш иштери бюрократиялык маселелерден улам кечеңдегини айтылууда. Бул кырдаалга ким жооптуу?

Azattyk.org 

“Кайткыла, иш бар”. Кыргыз бийлиги мигранттарды чакырды

Президенттик администрация Орусияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн кыргыз мигранттарды мекенинде иштөөгө чакырды. Кайрылууда өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканы, Кыргызстандагы эмгек акылар Орусиядан кем төлөнбөй турганы айтылат.